Казакстандын соту Адам укуктары боюнча бюронун башчысы Евгений Жовтисти адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыптуу деп тапты. Ал быйыл 26-июлда Алматы –Караой кан жолунда автоунаа айдап келе жатып отуз беш жаштагы бир тургунду коюп алган эле.
Жол кырсыгынан кийин дароо өткөрүлгөн алгачкы медициналык текшерүү укук коргочунун канында алкоголь болбогонун аныктаган. Техникалык экспертиза да мас адам жолго капыстан чыга калганда, андан буйтап кетүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондугун көргөзгөн. Бирок казак бийликтеринин көрсөтмөсү менен бир нече күндөн кийин экинчи ирээт жүргүзүлгөн текшерүү буга карама –каршы тыянактарды чыгарган.
Мурдараак адам укугун коргоочу бир нече уюмдар бул иш эми Жовтистин кесиптик ишмердигине кысым көргөзүү үчүн кодонулат деген кооптонуусун билдиришкен эле. Ал эми “Хьюман Райтс Уочт” уюму казак бийликтерин сот ишин саясий максаттарда пайдаланууга жол бербөөгө, сот жараянынын адилет өтүүсүн камсыздоого чакырган.
Казакстандык адам укугун коргоочу Андрей Свиридовдун “Азаттыктын “ казак кызматына билдиргенине караганда, Алматы облусундагы Балхаш районунун борбору Баканаста өткөн бүгүнкү жараянда Жовтистин өзү акыркы сөздү айтуудан баш тартып, сот жараянын “саясий өч алуу” деп атады.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы сот башталган 2-сентябрь күнү “Азаттыктын” казак кызматына Жовтистин ишинде эч кандай саясий кийлигишүү жок экендигин билдирген.