Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:14

Ооганстанда үч немис аскери жаракат алды


Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан немис аскерлери жанкечтинин жардыруусунан жаракат алды. Кундуз провинциясынын губернатору Мохаммад Омардын билдиргенине караганда, жанкечти бомбага толгон автоунаасын жардырып жиберген. Жардыруудан жөн-жай тургундар жабыр тарткан-тартпаганы белгисиз. Талибандын маалымат катчысы Забиулла Мужахид кол салуу үчүн алар жоопкер экенин билдирди. Талибдер соңку кездери Ооганстандын түндүгүндө да иш-аракеттерин күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG