Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

ЖККУ баңгизаттарына каршы


Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын биринчи орун басары Виталий Орозалиевдин “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, 10-сентябрда Ысык-Көлдө Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн баңгизаттарына каршы күрөш боюнча компеттентүү органдарынын жыйыны болот. Ага Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн финансылык чалгындоо органдарынын өкүлдөрү да катышат. Финансы жана атайын органдардын жыйынында баңгизаттарын ташууга каршы туруу, баңгизаттарын ташуу жана сатуудан түшкөн акчаны адалдоого жол бербөө маселелери талкууланат. Жыйындын катышуучуларын 9-сентябрда өлкөнүн жетекчилиги кабыл алуусу белгиленүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG