Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Нарын шаарынын ичине түрмө салууга каршылык болууда


Нарында дагы бир абактын салынышына каршы болгондор жогорку бийликке кайрылуу жолдошту. Бүгүн «Naryn.kg» медиа борборунда Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндө эски тери ооруулар диспансеринин имаратынын ордуна өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн абак куруу маселесине арналган тегерек стол болуп өттү. Ага катышкан Нарын шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Амантур Абдыкеримов, мэрдин орун басары Нурбек Молдокадыров жергиликтүү бийлик буга каршы экенин билдиришти. Себеби учурда жер алуу кезегинде 500 гө чукул адам турат, туурасы бир жарым чакырым, узуну 18 чакырым болгон жерге шаардыктар өздөрү батпай жатат. Коомчулук болсо криминалдык абал начарлай тургандыгын эскертип жатат. Шаардын башкы архитектору Улан Калманбетовдун айтымында батыш чөлкөмгө Борбордук Азия университети салынып жатса, ч ыгыш жагына абак куруу терс көрүнүш. Жыйынтыгында Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана жергиликтүү бийликке кайрылуу кабыл алынды. Анда абак салына турган болсо элдин толкундоолору чыгышы мүмкүн экени белгиленди. Нарында азыркы учурда бир жатак абагы жана бир тергөө абагы бар. (JI)

XS
SM
MD
LG