Америкалык космос чөлмөгү жети астронавт менен Эл аралык Космос бекетинен кечээ кечинде бөлүнүп чыккан эле. Тогуз күндүк сапарында «Дискавери» Жердин орбитасында турган бекетке 8 тоннадан ашык керек-жарак жеткирди. Австронавт Николе Стот орбитада дээрлик эки ай болгон Тимоти Копранын ордунда калды.