Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

АКШда террорчулуктун курмандыктарын эскеришүүдө


АКШда бүгүн 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук кол салуулардын курмандыктарын эскеришүүдө. Сегиз жыл мурда эртең менен Америкада төрт ири террор аракети даярдалган, алардын үчөө ишке ашкан жана бардыгы болуп 75 өлкөнүн үч миңге жакын жараны курман болгон. Нью-Йорк шаарындагы Эл аралык соода борборунун эки мунара-имаратынын бирине эртең мененки саат сегизден 46 мүнөт өткөндө террорчулар ала качкан бир учак келип тийген, андан 20 мүнөт өткөндөн кийин экинчи имаратты дагы башка бир учак келип сүзгөн. Бул кол салууларды “ал-Кайида” уюму уюштурган.

XS
SM
MD
LG