Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, өлкөдөгү 410.2 миң гектар же 77.6% эгин аянты чаап жыйналды. Кырманга 1 миллион 194 миң тонна дан, анын ичинде 926 миң тоннадан ашуун буудай төгүлдү.Буудайдын түшүмдүүлүгү гектарынан 29.8 центнерден айланууда. Өкмөт Ысык-Көл жана Нарын облустарында түшүмдү коромжусуз жыйнап алууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп жатат. (AiT)