Бишкектеги райондор аралык сотунда Улуттук филармониянын арка тарабындагы жаштар аллеясынын бир бөлүгүнүн талашка түшкөн жер участогу боюнча сот иши 23-сентябрга жылдырылды. Ал жерге көп кабаттуу үйдүн курулушуна ошол жерде жашашкан мугалимдер каршы чыгышкан. Мугалимдер сотко мэриянын токтомун жана буйругун жокко чыгарууну талап кылып, эки арыз менен кайрылган. Бул эки арызды бир күндө кароо үчүн сот иши кийинкиге жылдырылды. (КЕ)