Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Ошто көмүр он беш пайызга арзандады


Антимонополдук комитеттин Ош жана Баткен аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Жанболот Айбашевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Алай районундагы «Перити Коал» ишканасы Ош облусун «кара алтын» менен камсыздоодо. Былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу көмүрдүн наркы он-он беш пайызга төмөндөдү. Тактап айтканда, бир тоннасы 2800-3200 сомдон сатылууда. Анткени менен жергиликтүү тургундардын айтымында, көмүр мурдагыдай сатылбай калды. Каржы кризисине байланыштуу калктын колунда акча жок, ошондуктан көпчүлүгү отундун арзаныраак түрүнө аргасыздан көчүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG