Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Тегеранда кагылышуулар болду


Тегеранда Кудус же Иерусалим күнүнө арналган демонстрацияда оппозициянын миңдеген тарапкерлери бийликтин эскертүүсүнө карабай антиөкөмттүк ураандарды чакырып, кагылышуулар болгону маалымдалууда. Реформачылдардын сайты жазганына караганда, бийликтин жактоочулары экс-президент Мохаммад Хатамини жерге түртүп жиберишкен. Экс-президент Ахмадинежад июндагы шайлоодо бурмалоолордун жардамы менен жеңди деген оппозициянын тарабын ээлеген. Палестин элине тилектештик көргөзүү иретинде расмий уюштурулуп жүргөн жүрүштүн катышуучуларына президент Ахмадинежад кайрылып, ирандыктар 1979-жылкы Ислам революциясынын идеалдарын пир тутат деп айтты.

XS
SM
MD
LG