Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Бишкек-Торугарт жолун оңдоо планы элге айтылды


Бишкек-Нарын-Торугарт жолун реконструкциялоого арналган коомдук угууга жапондук кеңеш берүүчү компаниянын айлана чөйрөнү коргоо боюнча адистери менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин экология жана социалдык суроолор боюнча адиси Светлана Келдибаева катышты. Анда белгилүү болгондой, Бишкек-Нарын Торугарт жолун оңдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 70 млн доллар бөлөт. Бирок айрым суроолор жергиликтүү калктын нааразылыгын жаратты. Мисалы, аталган жол толук эмес, 274 чакырымы гана 2010-2015-жылдары оңдолот экен. Ошондой эле Чатыр-Көлдүн флора фаунасы боюнча экологиялык экспертиза кылууга жергиликтүү экологдор тартылбагандыгы белгилүү болду. Бул жол оңдолгон соң эл аралык стандартка ылайык 38-40 тонна жүк көтөрө алабы деген суроо жоопсуз калды. Жыйынтыгында жол толук жана сапаттуу ондолбосо эл ар кандай нааразылык иштерине чыгары эскертилди. (JI)

XS
SM
MD
LG