Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Мамлекеттик кызмат агенттиги конференция өткөрүүдө


Бүгүн Ысык-Көлдө “Кыргызстандагы мамлекеттик кызмат: Азыркы абалы, көйгөйлөрү жана келечеги” деген аталыштагы конференция өз ишин баштады. Бул тууралуу аталган агенттиктин башчысы Айдар Керимкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик кызмат агенттигинин иштерин мындан ары арттыруу жана жаңыча иштөө багытында өткөрүлүп жаткан бул иш чарага АКШ элчилигинин укуктук маселелер боюнча кеңешчиси Н.Легстон, Жапониянын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Иизука Юичи, Дүйнөлүк банкатын жана БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү катышууда. Конференция эртең (20-сентябрда) жыйынтыкталат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик 2004-жылы 18-сентябрда түзүлгөн. Анын беш жылдыгына арналган салатанаттуу жыйынга президент К.Бакиев катышып, Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикке өлкө масштабы боюнча кадр саясатын иштеп чыгуу милдети жүктөлөрүн белгиледи. Анын айтымында, аталган агенттик бардык чиновниктердин таржымалын билет, алардын кызматтан жылышына көз салат жана ар биринин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бош орундарга сунуш кыла алат. (AJ)

XS
SM
MD
LG