Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

АКШ президенти глобалдык каржы системасында оңолуу бар деп эсептейт


Барак Обама апталык радиокайрылуусунда дүйнөнүн экономикалык жактан кубаттуу өлкөлөрүнүн глобалдык каржы системасын стабилдештирүү аракетинде прогресс бар экенин белгиледи. Бирок зарыл жумушчу орундарды жаратуу жана экономикадагы өсүшкө жетишүү үчүн али көп иш жасалуу керектигин кошумчалады.

Ага катар АКШ президенти келерки аптадагы саммитте Чоң жыйырманын тобуна кирген өлкөлөр глобалдык каржы системасынын коопсуздугун сактоо үчүн талап кылынуучу чараларды жана тармактын ишин жөнгө салган эрежелердин бош жерлерин бүтөө маселесин талкууларын билдирди. АКШ президентинин пикиринде, кризиске алып барган негизги себептердин бири- каржы системасын жөнгө салган эрежелердеги мына ошол боштуктар. Чоң жыйырманын саммити АКШнын Питтсбург шаарында 24-25 сентябрь күндөрү өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG