Мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча сунуштар бүгүн президент Курманбек Бакиевге тапшырылары күтүлүүдө. Бейрасмий булактан алынган маалыматка караганда 4-сентябрдан бери иштеп жаткан жумушчу топ президенттин реформалоо боюнча 1-сентябрда парламентте жарыялаган багыттарынын негизиндеги сунуштарын бүгүн даярдап бүтөт. Бакиев Президенттин жана Кыргызстанды өнүктүрүү институттарынын түзүмү жана иштөө регламентинин долбоорлору боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн 11 кишиден турган топ түзүп, анын башына президенттик администрация башчысынын орун басары Каныбек Жороевди дайындаган. (BuS)