Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

А.Елисеев менен М. Бакиев бир университетте окуган


Кыргызстанды өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алексей Елисеев Президент К.Бакиевдин баласы Максим менен кандай байланышта экени тууралуу "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна 22-сентябрдагы маалымат жыйыны маалында жооп берди. Айрым ММК аны Максимдин мурдагы классташы катары президенттин уулунун колдоосун алып жатат деп жазып чыгышкан. Елисеевдин айтымында, ал Максим Бакиев менен бир мектепте окуган эмес, бирок бир университетти аякташкан. "М.Бакиев менен (мектепте) чогуу окуган эмесмин. Анткени мен азиздер менен көзү начар көргөндөрдүн мектебинде окугам. Ал эми Кыргыз-Орус (Славян) университетинде ал менден бир курс ылдый окуган", - деди А.Елисеев.

Алексей Елисеев "Кыргызөнөржайкурулуш" банкын "Азия универсал банкы" алып жаткан кезде анын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Андан соң А.Елисеев "Азия универсал банкынын" директорлор кеңешине мүчө болгон. Соңку учурда ал Кыргызстанды өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп иштеп жатат. А.Елисеев президенттик шайлоо убагында Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү болуп иштеди.

Кыргызстанды өнүктүрүү фонду аркылуу Орусиянын 300 миллион доллары сарпталмакчы. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭСине жумшалчу акча, Кумтөрдөн Ысык-Көлгө бериле турган миллион доллар жана АКШ Транзиттик борбор тууралуу келишим түзүп атканда убада кылган 20 млн. доллар акча дагы Кыргызстанды өнүктүрүү фонду аркылуу сарпталмакчы. (KE).

XS
SM
MD
LG