Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Жалал- Абат облусунда селден айыл-кыштактар жабыркады


Кечээ жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин жүргөн суу ташкын Аксы районунда көптөгөн айыл- кыштактарга зыян тийгизди. Кара- Жыгач айыл өкмөтүндө жарандардын 12 турак- жайы селден жабыр тартты. Итагар айылында суу дубалдарды жарып өтүп, эки үй коркунучтуу абалга туш болду. Сел Аблетим айыл өкмөтүндө ички чарбалык 35 метр жолду жууп, Кербен- Таш -Көмүр унаа багытында төрт чакырым жерде жол жүрүү кыйындады. Облустун Кара-Көл жана Таш- Көмүр шаарларынын ортосундагы жолго 40 – 50 миң чарчы метр таш-шагыл агып түшүп, 22- сентябрда кечке жуук жабылган Ош – Бишкек жолу бүгүн таңга жуук бир тараптуу ачылды. Суу ташкын зыян келтирген жерлерде өзгөчө кырдаалдар менен транспорт министрликтеринин кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG