Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Жалал-Абатта республикалык театр фестивалы башталууда


Бүгүндөн тарта 2- октябрга дейре өтүүчү маданий майрамга өлкөнүн сегиз театры катышмакчы. Театр фестивалы СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдыгына карата маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат. Улуттук драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын тобу түшкө чейин Барпы атындагы облустук кыргыз театрында орус драматургу А. Вампиловдун « Периште менен жыйырма мүнөт» спектаклин тартуулады. Театр залы мектеп окуучулары жана студенттер менен толтурулду. Театр фестивалы кечке жуук “Эркиндик” аянтында салтанаттуу ачылганы турат. (YA)

XS
SM
MD
LG