Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Тегерек үстөлдө шайлоо темасы дагы козголду


“23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин бийлик жазаланбастыгын туйду”,-деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси өткөргөн “Жөө жүрүш жана жыйындар” темасы боюнча тегерек үстөл жыйынында. Анын айтымында, президенттик шайлоодон кийин бийлик саясий жана социалдык-экономикалык укуктарын талап кылган өзүнүн каршылаштарына, жөнөкөй атуулдарга жана журналисттерге репрессиялык ыкманы күчөттү.
Маалыматтарга караганда, 2005-жылдын март окуясынан кийин ондогон журналисттер, белгилүү саясатчылар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мажбур болуп, чет өлкөлөрдөн саясий баш паанек алышкан. Президенттик шайлоодон кийин Балыкчыда 19 адамга кылмыш иши козголуп, учурда алардын соту Балыкчы шаардык сотунда каралууда.
Бийликчил “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрүнүн пикиринде президенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өтүп, анда мыйзамды бузгандар мыйзамдын чегинде жооп бериши керек. (AJ)

XS
SM
MD
LG