Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Индонезияда кайрадан катуу жер титирөө катталды


Өлкөнүн батыш бөлүгүндө катталган бүгүнкү жер титирөөнүн кубаты, АКШнын Геологиялык кызматынын билдиргенине караганда, Рихтер таякчасы менен 6,8 баллды түзгөн. Бүгүнкү жер титирөө кечээги зилзаланын эпицентринен 280 чакырымдай алыстыкта болду. Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, кечээги жер силкинүүсүнөн каза тапкандыгы аныкталгандар саны азыркыга карата кеминде 200 деп эсептелинүүдө, бирок курмандыктар саны өсүүсү мүмкүн. Кечээги зилзаладан деңиз жээгиндеги Паданг шаары катуу жабыр тарты. Шаарда бери дегенде 500 имарат кыйраган. Индонезия бийликтери билдиргендей, учурда жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам көргөзүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG