Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Баш байгени “Тартюф” алды


Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн республикалык театр фестивалы кечээ жыйынтыкталып, баш байге "Учур" телетеатры койгон Ж-Б. Мольердин “Тартюф” комедиясына ыйгарылды. Бул тууралуу калыстар тобунун төрагасы, Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, фестивалда мыкты спектакль көрсөтүлгөн театрлар дагы белгиленип, эркектин эң мыкты ролу, аялдын мыкты ролу, экинчи пландагы ролдорго дагы сыйлыктар берилди. Мыкты режиссер сыйлыгы Ысык-Көл театрынын режиссеру Жумабек Осмоновго, М.Рыскулов атындагы сыйлык ошол эле театрдын актеру Таалай Касымалиевге тапшырылды. Республикалык театр фестивалына ондон ашуун театрдын жамааттары катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG