Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Пакистанда БУУнун кеңсесине кол салуу болду


Исламабадда Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасы жайгашкан кеңседе жан кечтинин жардыруусунан 3 киши каза тапты. Полициянын өкүлү Бин Ямин билдиргенине караганда, өлгөндөрдүн бири уюмдун ирактык кызматкери болчу. Бир нече адам жарадар болду, алардын экөө оор абалда кала берүүдө. Мекеме окуядан кийин кеңсени убактылуу жапты. Пакистандын өкмөт башчысы Юсуф Реза Гилани кол салууну катуу айыптап, иликтөө жүргүзүүгө буйрук берди. Азык-түлүк программасы колунда жок пакистандыктарга, анын ичинде качкындарга тамак-аш таркатуу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG