Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Баткен: 15 дин кызматкери билимин жогорулатты


Бул тууралуу Баткен облустук казыятынан бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, өткөн жылы облус аймагындагы айылдык имамдарды, дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнүн жыйынтыгы жакшы болбой калган. Ушундан улам облустагы 262 айылдык мечит имам хатибдеринин билимин жогорулатуу демилгеси көтөрүлүп, алардын алгачкы 15и облустук медресенин жардамы менен дин жаатында билимин жогорулатып, тиешелүү күбөлүктөрүн алышты. Эми калган имамдар да ар айда 15тен бөлүнүп, билимин жогорулатып турушмакчы. “Мындай иш-чара өлкө боюнча алгачкы жолу Баткенден башталууда” дейт облустук казыят өкүлү. (JsA)

XS
SM
MD
LG