Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Майып аялдар кол өнөрчүлүккө үйрөнүшөт


Бул туурасында майып аялдар ассоциациясынын жетекчиси Асипа Мусаева билдирди. Учурда ассоциация “Алатоо” өнүгүү борбору менен бирдикте 10 майып аялды 3 ай аралыгында окутуп, адистикке үйрөткөнү жатышат. Бул келечекте алардын өз алдынча иштеп, акча табуусуна шарт түзөт.
Учурда өлкөдө 120 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Алардын 45 пайызын аялдар түзөт. Бүгүнкү күндө мындай аялдардын 0,1 гана пайызы жумуш менен камсыз болгон. Калганы мамлекеттен берилчү 740 сом жолөк пул менен жашашат. (AzK)

XS
SM
MD
LG