Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

АКШ Мамлекеттик катчысы Татарстанга жөнөдү


АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Россиядагы сапарын аяктап жатып, бүгүн Казан шаарына жөнөп кетти. Кечээ Клинтон орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президент Дмитрий Медведев менен бир катар эларалык маселелерди талкуулады. Лавровдун айтымында, ядролук курал арсеналдарын кыскартуу боюнча келишим түзүү чөйрөсүндө олуттуу прогресс жасалды. Ал эми Ирандын атомдук программасына байланыштуу Москва Тегеранга каршы санкцияларды колдоо убадасын берүүдөн карманды. Батыш Иран менен сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаса, өлкөгө каршы санкцияларды күчөтүүнү сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG