Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Британ премьери Ооганстанга кошумча аскер жиберүүгө макул


Британ премьер-министри Гордон Браун Ооганстанга кошумча 500 аскер жиберүүгө “негизинен” макул болду. Бирок премьер бир нече шарт аткарылууга тийиш деп белгиледи. Азыр Ооганстандагы британиялык аскерлердин саны 9 миңден ашуун кишини түзөт. Бул - АКШдан кийинки экинчи ири контингент. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Браун "британ аскерлери керектүү жабдуу-жарак менен камсызданганда, НАТОнун калган мүчөлөрү да Ооганстандагы жоокерлеринин санын көбөйткөндө жана жергиликтүү армия жакшылап машыктырыла баштаганда жиберилет" деди. Талиптерге каршы уруш башталган 2001-жылдан бери британиялык 221 жоокер Ооганстанда ажал тапкан. Мындан улам британ коомчулугунда өлкө аскерлеринин согушка катышуусу канчалык туура деген суроо улам козголууда.

XS
SM
MD
LG