Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Кыргыз чек арачылары Ворух анклавын курчоого алды


Бул туралуу Баткендеги 2022 чек ара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, акыркы эки күндөн бери кыргыз аскерлери Тажикстандын Ворух анклавын курчоого алып, көз салып турат. Ал эми анклавдын ичиндеги изилдеп-тазалоо операцияларын тажик аскерлери гана жүргүзүүдө.

14-октябрдын түнү Баткен облусундагы Көк-Таш чек ара бекетине куралдуу он чакты киши Тажикстан аймагынан сүрүлүп чыгып, Кыргызстан чек арачыларына туш келип, ок атышуулар болгон. Учурда куралчан топ түндүк тажикстандык 14 кылмышкер экени, алардын өздүгү аныкталган. 15-октябрда куралчан кылмышкерлер кайра Тажикстандын Ворух анклавына качып кирип кеткен болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG