Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Пакистан Түштүк Вазирстандагы чабуулдун алгачкы күнү төрт жоокерин жоготту


Ооганстанга чектеш бул аймак Талибандын таяныч бекети катары эсептелинет. Талибдерге каршы кечээ жерден башталган чабуулга 30 миңден ашуун жоокер тартылууда. Жоокерлерге абадан учактар менен тик учактар колдоо көргөздү. Армия өкүлүнүн билдиргенине караганда, согушкерлер менен ишембидеги кагылышта 4 жоокер каза таап, 12си жаракат алды. Кечээ башталган чабуулга чейин бир нече ай бою согушкерлердин Түштүк Вазирстандагы буталарына абадан сокку урулуп келди. Согушкерлердин коргонуу жөндөмүн алсыратууга башгытталган аба соккулары бирок он миңдеген жөн-жай тургундарды аймктан качууга да мажбурлады. Кеңири масштабдагы азыркы операция согушкерлердин Исламабад, Пешавар, Лахор шаарындагы чабуулу 160тан ашуун адамды мерт кылгандан эки апта өткөн соң орун алып олтурат.

XS
SM
MD
LG