Бүгүн Бишкекте "Массалык маалымат каражаттары тууралуу" мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча жыйын өтөт. Анда өлкөдөгү ММКнын март ыңкылабынан берки өнүгүү жолу талкууга алынат. Бул жаатта укуктук базаны жакшыртуу маселелери каралат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик мекемелердин, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, талдоочулар жана юристтер катышат. Айрым адисттер ММК тууралуу мыйзам толукталып өзгөрсө медиа айдыңда абал оорлошуп кетиши ыктымалдыгын эскертип келишет. (EBM)