Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өтөт


23-октябрда Бишкектин Чуйков-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан (Чуйков №90) үй музейинде Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт. Жыйын саат 11де башталат. Ага аны менен чогуу иштешкен мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Токтосун Ниязалиев, Күмүш Суранова, Кеңеш Жаманкулов сыяктуу замандаштары келишет. Бул тууралуу аталган үй музейдин директору Гүлзат Касымова «Азаттыкка» билдирди.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда туулган. Ал 1945-50-жылдары Кыргыз ССР министрлер кабинетин башкарган. 1950-61-жылдарда Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал 1979-жылы Москвада каза тапкан. Сөөгү Москвадан Бишкекке 2000-жылы алынып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

И.Раззаковдун үй музейи 2005-жылы 20-декабрда ачылган. Анын 100 жылдыгы эмдиги жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленмекчи. (КО)

XS
SM
MD
LG