Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Грузия Түштүк Осетиядагы орус аскерлерин айыптады


Грузия Түштүк Осетия менен чек ара аймагында 16 кишини уурдап кетишти деп орус аскерлерин айыптады. Грузиянын ички иштер министри Шота Утиашвилинин маалыматына ылайык, алар жекшембиде түштөн кийин Дусхети районунда орус куралдуу күчтөрү тарабынан кармалган. Министр жергиликтүү тургундар отун терип жүргөн жеринен уурдалганын айтты. Жикчил Түштүк Осетия аймагынын лидери Эдуард Кокойтынын жардамчысы 16 киши чегараны мыйзамсыз өтүп, Түштүк Осетия аймагындагы бак дарактарды кыйып жаткан жеринен кармалган деп ырастады.

XS
SM
MD
LG