Босниялык сербдердин мурдагы президенти Бильяна Плавсич түрмөдөн бошотулуп, Белградга кайтып барды. Ал 2003-жылы согуш кылмыштары үчүн 11 жылга соттолуп, бирок ал мөөнөттүн бир бөлүгүн гана отуруп чыкты. БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы өткөн аптада Плавсичти Швециядагы абактан азат кылууну чечкен.