Бул тууралуу Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаты Айбек Жанузаков “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, 26-октябрдан тарта ачкачылык кармаган 11 киши 28-октябрда кечке жуук акциясын ден соолуктары начарлоосуна байланыштуу токтотушту. Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан жарандар күнөөсүз камакта отурушканын, сот ишти адилет карабай жатканын билдирип, ачкачылык жарыялашкан эле.(AiT)