Бул тууралуу Кинематорграфия департаменти кабарлайт. Буга байланыштуу Бишкектеги мамлекеттик көркөм тасма үйүндө 10-ноябрда кыргыз фильмдеринин жумалыгы ачылат. Улуттук тасмалар айында балдар, согуштун ардагерлери жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кыргыз фильмдерин бекер көрө алышат. Ал эми өлкөнүн бардык аймактарында улуттук тасмалар айына байланыштуу иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле эң мыкты сценарийлерге жана Кыргызстандагы кинематография маселесин чагылдырууга конкурстар жарыяланмакчы. (IJz)