Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

«Ош шамы» гезитинин өкүлү Кубаныч Жолдошевди сабап кетишти


Бул туурасында аталган гезиттин баш редактору Тургунбай Алдакулов бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, шаардык басылманын кабарчылар түйүнүнүн жетекчиси Кубаныч Жолдошев түнкү саат 24.00 чамасында досторуна жолугуп кайтып келатканда, ал түшкөн машинаны жол коопсуздугун көзөмөлдөө мекемесинин (МАИ) кызматкерлери тосуп, айдоочуну бөлүп кетишкен. Бул аралыкта жалгыз калган журналистке белгисиз үч жигит кол салып, токмоктошкон. Кубаныч Жолдошев калаа ооруканасына бүгүн жаткырылды. Коллегалары бул сабоону кабарчынын кесиптик ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштырууда.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кубаныч Жолдошевдин токмоктолушу боюнча азырынча билдирүү жасай элек. (ATo)

XS
SM
MD
LG