Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Барскоондо ат чабыш фестивалы жыйынтыкталды


Бул туурасында ат чабышты уюштуруу уюмунун координатору Ишен Оболбеков “Азаттыкка” билдирди. Ат чабышта баш байгени Жети-Өгүз районунун Саруу айылынан келген кыргыз тибиндеги ат алган. Ал чабылган аттардын арасынан эң чыдамкай катары да тандалып алынды.
Көчмөн кыргыздардын салтына арналган 4-фестивалда 25 аттын арасынан тандалып алынган кыргыз тибиндеги 10 ат чабылган. Иш чара “Кыргыз аты” мекемесинин демилгеси менен “Чабандын изи” туристтик фирмасы жана Барскоон айыл өкмөтүнүн колдоосу астында уюштурулду. Фестиваль 31-октябрда башталып, 1-ноябрда жыйынтыкталды. (AzK)

XS
SM
MD
LG