Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Британия менен Орусия алаканы оңдоо маселесин талкуулады


Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Дэвид Милибэнд менен Сергей Лавров бүгүн Москвада жолукту. Милибэнд Британиянын Орусияга акыркы беш жыл ичинде келген биринчи тышкы иштер министри. Эки өлкөнүн алакасы 2006-жылы орусиялык атайын кызматтын мурдагы өкүлү, кийин британ жарандыгын алган Александр Литвиненко Лондондо ууландыруу жолу менен өлтүрүлгөндөн кийин бузулду. Орусия британ тарап бул кылмыш үчүн башкы шектүү деп тапкан адам жана парламент депутаты Александр Луговойду өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Британия болсо өз кезегинде Орусиянын мурдагы олигарх Борис Березовскийди өткөрүп берүү талабын орундабай келүүдө. Британ тышкы иштер министри Милибэнддин бүгүнкү сөзүнө караганда, Москвадагы сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүүнү жакшыртты жана эки тарап “окшош көйгөйлөрдүн” үстүнөн чогуу иштөөсү керек:

- Менимче сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз бири-бирибизди мурдагыдан дурусураак түшүндүк деп гана эмес, кызматташтыкты жакшыртуунун жолдорун издейбиз деп да айтсак болот.

Ал эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавров белгилегендей, “чечилбеген маселелер” бар экенине карабай, эки өлкөнүн экономикалык алакасы бекем. Бирок орус тышкы иштер министри Луговойдун маселеси боюнча Орусиянын туруму "өзгөрүүсүз" калганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG