Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Петровка чатагы боюнча күбөлөр көрсөтмө беришет


26-апрелде Петровка айлында баш-аламандык уюштурду деп айыпталып жаткан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин, укук коргоочулар Уран Рыскулов менен Сапар Аргынбаевдин соту бүгүн уланат. 22-октябрда болгон соттук териштирүүдө окуяга күбө болгондор көрсөтмө берип, айрымдары 26-апрелде болгон баш-аламандыкка соттолуп жаткандардын тиешеси жоктугун билдиришкен.

Петровка чатагы боюнча айыпталып жаткан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Уран Рыскулов менен Сапар Аргынбаев 27-апрелден бери камакта. Бул ишке байланыштуу соттук териштирүү Москва райондук сотунда жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG