Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Журналисттерге кол салуу көнүмүшкө айланды


Ошол эле учурда калемгерлерди сабагандар жазасыз калып жатканы –сөз эркиндигинин тарышына алып келүүдө. Мындай мазмундагы билдирүүнү “Журналист” коомдук бирикмеси таратты. Аталган бирикме ички иштер министрлигин “Ош шамы” басылмасынын кабарчысы Кубаныч Жолдошевдин сабалганына байланыштуу ишти кылдат иликтөөгө чакырууда.
Билдирүү ээлери белгилегендей Кубаныч Жолдошевдин сабалышы менен жыл башынан берки журналисттерге болгон кол салуунун саны жетиге жетти. Алардын ичинен көз карандысыз журналист Алмаз Ташиев милиция кызматкерлеринин токмогунан кийин каза тапкан. Ал эми белгисиз бирөөлөр эки колун, буттарын сындырып кеткен журналист Сыргак Абдылдаев чет мамлекетке башкалкалап кеткен.

КР ИИМ басма сөз кызматынан К. Жолдошевден азырынча арыз түшпөгөндүгүн, бул иш иликтөөгө алынарын "Азаттыкка" маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG