Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

Өнүктүрүү кору жөнүндө мыйзам парламентте каралат


Бүгүн Жогорку Кеңештин экономика, бүджет жана каржы боюнча комитетинин отурумунда өкмөт тарабынан кезексиз сунуш кылынган “Өнүктүрүү кору” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров бул боюнча баяндама жасап, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолорго ылайык, эми Өнүктүрүү корунун директорлор кеңешине премьер-министр эмес, Инвестициялар жана иновациялар боюнча борбордук агенттигинин башчысы жетекчилик кыларын, премьер-министр директорлор кеңешине мүчө катары кирерин билдирди.

Ал ошондой эле Өнүктүрүү корундагы мамлекеттик активдер сакталуусу жана көбөйтүлүүсү керектигин, ал башка колго берилбестигин, анын уюштуруучусу Мамлекеттик мүлк министрлиги эмес, Инвестициялар жана иновациялар боюнча борбордук агенттиги болуп каларын белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жогорудагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында кезексиз каралмакчы. (AJ)

XS
SM
MD
LG