Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Каражич Гаага трибуналындагы сотуна катышууда


Босниялык сербдердин мурдагы лидери Каражич өзүнө каршы сот башталгандан бери ага алгачкы ирет бүгүн сотко келди. Буга чейин өзүн коргоого толук даярданбай калганын айтып, сотко катышуудан баш тартып келген.

Каражич бүгүнкү сотто аны геноцид үчүн айыптап жаткан Улуттар уюмунун соту анын укуктарын бузганын айтты. "Мен сотко бойкот жарыялагым келбейт. Бирок мен башынан эле натуура башталган нерсеге катышууну каалабайм. Анткени сот мага даярданууга жетиштүү убакыт бербей, трибуналдын 21-беренесин бузду", - деп айтты Каражич.

Радован Каражичке Босниядагы 90-жылдардагы согушта жасалган кылмыштар боюнча 11 айып тагылып жатат.

XS
SM
MD
LG