Президенттин жардыгы менен Ош облустук сотунун төрагасы Каныбек Бөкөев кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Бөкөев “Судьялардын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бошотулгандыгы белгиленген. (AiT)