Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Улуттук биринчи каналга жаңы жетекчи дайындалды


Президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык, Кайыргүл Орозбай кызы (Катя Урумканова) Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы деректири болуп дайындалды. Ал 2009-жылдын февраль айынан тарта аталган корпорациянын мурунку жетекчиси Мелис Эшимкановдун орун басары болуп иштеп келген.

К. Орозбай кызы 1977-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, бир уулу бар. Иш жолун Караколдо “ЭМТВ” телеканалында жаңылыктар кызматында алып баруучу жана редактор болуудан баштаган. Андан кийин НТС жана “Бешинчи канал” телеканалдарында иштеген. (EBM)

XS
SM
MD
LG