Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана дене тарбия боюнча комитетинде талкуу өттү. Анда депутат Алмазбек Каримов элчилерди сүйлөшүүлөрдү мамлекеттик тилде жүргүзүүгө милдеттендирүү демилгесин көтөрдү. Комитетте мыйзам долбоору жактырылып, депутат Алмазбек Каримовго бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин адистеринин да пикирин билүү сунушу берилди. (EK)