Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Жалал Абад: баш редактор облустук сотко кайрылды


“ Укук баарына” басылмасынын баш редактору Абдумомун Мамараимов өз макаласын юридикалык талдоодон өткөрүү жана ага байланыштуу сот ишин көрмө тасмага тартууну талап кылды. Басылмадагы “Мыйзамга ылайык жашаса болобу, же стаждуу момун айдоочунун тажрыйбасынан” деген макалада Жалал-Абад шаарынын тургуну жөнүндө эмес, автордун уулунан алган акчасына дүмүрчөк жазып бербей, жол эрежесин бузгандыгы жөнүндө иш кагаз толтурбаган МАИ кызматкери тууралу жазганын билдирди. “Макалада жалаа жапты” деп эсептеген шаар тургуну А. Мамараимовду кылмыш жообуна тартууну, моралдык зыяны үчүн жарым миллион акча өндүрүп берүүнү соттон суранган. Шаардык сот анын доо арызын буга дейре эки жолу караган. (YA)

XS
SM
MD
LG