Петровка чатагы боюнча айыпталып жаткан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаевди жана укук коргоочу Уран Рыскуловду ден соолугуна байланыштуу үй камакка чыгаруу өтүнүчү менен алардын коомдук коргоочусу Топчубек Тургуналиев бүгүн сотко кайрылды. Ага башка адвокаттар да кошулушту. Сот өтүнүчтү караган соң, коомдук жактоочунун суроосун канааттандырган жок.
Учурда Петровка чатагы боюнча соттук териштирүү улантылып жатат.
26-апрелде Петровка айлында баш-аламандык уюштурган деген айып менен Оппозициялык кыймылдын мүчөсү болгон “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин жетекчиси С. Аргынбаев жана укук коргоочу У. Рыскулов 27-апрелде камакка алынган. Оппозиция буларга тагылган айыпты бийлик тарабынан атайын жүргүзүлгөн саясий куугунтук деп эсептеп келет.
Петровка чатагы боюнча сот иши Москва райондук маданият үйүндө жүргүзүлүүдө.(ZKo; JJ)