Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Орус өкмөт башчысы бүгүн Францияда сүйлөшүү өткөрөт


Анын жүрүшүндө Владимир Путин француз компанияларына ири энергетикалык долбоорлордо ролун жогорулатууну сунуш кылмакчы. Орус өкмөт башчысы ошондой эле Франциянын “Рено” концернин орусиялык “АвтоВазды” сактап калууга катышууга ынандыруу аракетин да жасайт. Орусиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар комерциялык келишимдер түзүлөт. Франциянын орус экономикасына салган түз инвестициясы 10 миллиард долларга барабар. Акчанын 1 миллиарды “Рено” компаниясыныкы. Ал “АвтоВаздын” акцияларынын бир бөлүгүн сатып алуу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG