Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Иран укук коргоочудан Нобель сыйлыгынын алтын медалын тартып алды


Ирандык таанымал укук коргоочу Ширин Эбади Нобель тынчтык сыйлыгына 2003 –жылы демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн татыктуу болгон. Эбадинин айтымында, Иран бийликтери анын алтын медалын башка дагы эки баалуу сыйлыгы менен бирге Тегеранда банктагы сактоочу кутуда турган жеринен үч аптадай мурда алып кетишкен. Ошондой эле Эбадинин жана анын күйөөсүнүн банк эсептери тоңдурулган. Укук коргоочу кошумчалагандай, бийликтер андан Нобель тынчтык сыйлыгы берилгенде алган 1,3 миллион доллардан 410 миң доллар салык төлөөнү талап кылышууда.

Норвегиянын тышкы иштер министри Йонас Гар Стере бул окуяны комментарийлеп, Иран бийликтеринин укук коргоочудан Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреатынын алтын медалын конфискациялагандай окуя сыйлыктын 108-жылдык тарыхында биринчи ирээт кездешип жатканын белгиледи. Норвегия тарап Ирандын Ослодогу убактылуу ишенимдүү өкүлүн нааразылык нотасын тапшыруу үчүн тышкы иштер министрлигине чакырды. Тегеран азырынча расмий реакциясын билдире элек.

Укук коргоочу Ширин Эбади иран бийликтери тарабынан узактан бери эле куугунтукталып келет. Ал быйыл жайдагы президенттик шайлоону коштогон нааразылык акцияларын күч менен басылуусун кескин сынга алган эле. Эбади өлкөдөн 12-июндагы шайлоодон бир күн алдында, Испаниядагы конференцияга катышуу үчүн чыгып кеткен жана мекенине кайтып бара элек. “Ассошейтед пресстин” кабарчысы менен болгон маегинде Эбади аны коркута алышпасын айтты.

XS
SM
MD
LG