Облустун булуң-бурчунан топтолгон он беш миңдей мусулман түштүк борборунун Рават Абдылда хан мечитинде айт намазын окушту. Алардын алдында сүйлөгөн аймактын казысы Сүйүн Калыков райондордо башка улуттардын, ошондой эле диндердин өкүлдөрүнө кысымчылык, а түгүл адамгерчиликсиз мамиле жасалып жаткандыгын белгилеп, диндештерин сабырдуулукка жана ийкемдүүлүккө чакырды. Ошентсе да, талдоочулардын маалыматына караганда, жер-жерлерде башка диндин өкүлдөрүнө кыр көрсөтүү барган сайын күчөп баратат. (АТо)