Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:15

Кыйноолорго каршы мыйзам долбоору талкууланды


Кыргызстанда кыйноолорго каршы жана анын алдын алуу боюнча маселе Бишкекте талкууланды. “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, кыйноолордун 92 пайызы иликтеп-тергөө иштерин жүргүзгөн милиция кызматкерлерине таандык. Жыйында “Кыйноолорго каршы улуттук алдын алуу механизмдери” мыйзам долбоорун тыкат иштеп чыгуу боюнча Координациялык кеңеш түзүү жана аталган мыйзамды 2010-жылы парламентке сунуштоо каралды. Акыйкатчы институту өткөргөн бул иш чарага укук коргоо органдарынын, бейөкмөт уюмдардын, жазык аткаруу башкармалыгынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. (AJ)
XS
SM
MD
LG