Жарандардын эркин жыйналуу укугуна байланыштуу мыйзам долбоор Бишкектеги “Достук” мейманканасында өкмөт, адистер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бүгүн талкууланат. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунан кабарлашты. Белгилүү болгондой жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, ал Венеция комиссиясынын жогору баасын алган. Долбоор жаңы өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууга алынып, андан кийин парламенттин кароосуна жиберилмекчи.(AiT)